Кыргызстандык ырчы Адилет Жумабеков «Голос» долбоорунун биринчи элегинен өттү

Кыргызстандык ырчы Адилет Жумабеков «Голос» долбоорунун биринчи элегинен ийгиликтүү өттү.

Ырчы «End of the road» деген чыгарманы аткарып, ага калыстардын ичинен үчөө — Дима Билан, Александр Градский жана Леонид Агутин кайрылып карады. Катышуучу Дима Биланды тандап алды, мындан ары ал анын тобунда жолун улантат. «Жан дүйнөм жана мүнөзүм боюнча Дима Билан мага жакын окшойт», — деди ал.