Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав «Голос» долбоорунун биринчи элегинен өттү

Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав орусиялык «Голос» долбоорунун биринчи элегинен ийгиликтүү өттү. Ал тууралуу «Первый канал» телеканалынын берүүсү көрсөтүлгөн соң маалым болду.

Ырчы «Supergirl» деген чыгарманы аткарып, ага калыстардын ичинен экөө — Пелагея менен Александр Градский кайрылып карады. Катышуучу Пелагеяны тандап алды, мындан ары анын тобунда жолун улантат. Берүүдө Александр Волкодав музыка менен алектенерин, ыр жазарын айтты. «Көп даярдандым, бир аз коронавируска чалдыгып калганым тоскоолдук кылып койду», — деди катышуучу.