Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав «Голос» долбоорунун жарым финалына өттү

Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав «Голос» долбоорунун жарым финалына өттү. Ал америкалык музыкант Рой Орбисондун «Pretty woman» ырын аткарды.

Берүүнүн чейрек финалы 17-декабрда көрсөтүлүп, анда бул тепкичке чейин келген 12 катышуучудан кийинки баскычка көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү аркылуу 8и гана өттү. Александр Волкодав өз командасында 74,4 пайыз добушка ээ болду.

Александр Волкодав орусиялык «Голос» долбоорунун биринчи элегинен «Supergirl» деген чыгарма менен өткөн.