Кыргызстандык ырчы Амирчик апасына унаа белек кылды (видео)

Кыргызстандык ырчы Амирчик апасына унаа белек кылды. Ал социалдык тармактагы баракчасында видео жарыялады.

Ырчы апасына унааны туулган күнүнө белек кылган.

Амирчик Орусиянын Comedy Club шоу берүүсүнө катышканда да Павел Воля менен Андрей Бебуришвилинин суроолоруна жооп берип жатып, атасына Ысык-Көлдүн жээгинен үй, апасына каалаган унаасын алып берүү үчүн акча чогултуп жатканын айткан.