Кыргызстандын атынан «Дүйнө сулуусу-2021» сынагына ким катышары белгилүү болду

«Кыргызстан сулуусу-2021» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу “Кыргызстан сулуусу” улуттук сынагынын дирекциясынан билдиришти.

Маалым болгондой, улуттук сулуулар сынагы биринчи жолу жабык форматта өтүп, дирекция дароо беш жеңүүчүнү тандап алган. Ош шаарынан 22 жаштагы Алина Оморова «Кыргызстан сулуусу-2021» улуттук наамынын ээси болду. Эми ал Кыргызстандын атынан «Дүйнө сулуусу-2021» сынагына катышат. 

Маалым болгондой, быйыл “Кыргызстан сулуусу-2021” сынагынын финалына эң мыкты 5 сулуу гана жолдомо алган. Алардын ар бири ири эл аралык мелдештердин бирине Кыргызстандын атынан катышат.

Miss Grand International-2022 сынагына 18 жаштагы Жамиля Жыргалбекова катышат.

Ошондой эле Кыргызстандын атынан Miss Intercontinental-2022 сынагына 18 жаштагы Ширин Алайчиева катышмай болду.  Аталган сынакка быйыл Разия Мансурова жана андан мурда Бегимай Карыбекова катышкан.

18 жаштагы Салима Асанбекова Кыргызстандын атынан Miss International — 2021 сынагына катышат.

17 жаштагы Азиза Бакытбекова 18 жашка чыккандан кийин Кыргызстандын атынан Miss Multinational — 2022 сынагына катышат.

Катышуучуларды каттоо 2020-жылдын февралынан 2021-жылдын 25-сентябрына чейин жүргүзүлгөн. Онлайн кастингдин жыйынтыгында Кыргызстандын бардык аймактарынан 146 анкета келип түшкөн. Алдыңкы 10 катышуучу жарым финалга жолдомо алды. Бирок калыстар тобу катышуучулардын ар бири менен маектешүүдөн кийин Бишкекте жолуккан эң мыкты 5 финалистти тандап алышкан.