Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Людмила Ускова көз жумду

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Фрунзе атындагы орус драма театрынын актрисасы Людмила Ускова 79 жашында каза болду. 

Театрдан билдиришкендей, ал 1-октябрда Екатеринбург шаарында каза болгон. Людмила Ускова 1973-жылы Бишкектеги орус драма театрында эмгектенип баштаган. Ага чейин Южно-Сахалинск, Красноярск, Нижний Тагил, Новокузнецк, Кемерово театрларында 10 жыл иштеген. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы» менен, 1998-жылы «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамы менен сыйланган. 2006-жылы Екатеринбург шаарына көчүп кеткен.