«Кыргызстандын желеги желбиреди». Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинен сүрөттөр

Ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, спортчулардын парады өттү. Кыргызстандын желегин Кыргызстан курама командасынын капитаны Атабек Азизбеков жана Айнуска Калил кызы көтөрүп чыгышты. Ал эми Ислам шериктештиги оюндарынын желегин Түркинын белгилүү спортчулары алып өттү.

Салтанаттуу ачылыш аземге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышып, Ислам оюндарын ачык деп жарыялады. Мындан сырткары концерт, шоу-программа менен коштолду. Белгилей кетсек, Ислам шериктештиги оюндары 5-жолу өтүп жатат. Жалпы 56 өлкөдөн 4 миңден ашуун спортчу катышууда.