Кыргызстанга «Даңазалуу доор» сериалына тартылган актриса Мерьем Узерли келет

Кыргызстанга «Даӊазалуу доор» сериалы менен кеӊири таанылган түркиялык белгилүү актриса Мерьем Узерли келет. Бул тууралуу журналисттерге кинофестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, анын сапары Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланышкан жаӊы эл аралык долбоордун бет ачарына байланыштуу болот.

Уюштуруучулардын айтымында, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган маалымат жыйын өтөт. Мерьем Узерлиден тышкары, белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманндын, фестивалдын аткаруучу директору Жорж Шамшумдунпродюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт — Мерал Мелика Дюрандын да келүүсү күтүлүүдө.