Мотоцикл коштоп, комузчулар ойноп… Орусиялык поп-падыша Филипп Киркоров Бишкекке келди (видео)

Бүгүн, 3-ноябрда Орусиянын поп музыкасынын падышасы атыккан Филипп Киркоров Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык баракчасына билдирди.

«Кыргызстанга келүү ар дайым жагымдуу, дайым меймандостук менен жылуу кабыл алышат. Көптөгөн белектер, сюрприздер. Баарынан да мен үчүн чоң белек бул көрүүчүлөрдүн сүйүүсү жана аншлаг. Андыктан кечинде элдин сүйүүсүнө балкып, чыгармаларымды тартуулайм. Ал учурду чыдамсыздык менен күтүп жатам», — деп жазган ырчы.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Филипп Киркоровдун жеке концерти өтмөкчү.