Кыргызстанга кеминде 50 саякатчы-блогер келет. Маданият министрлиги туризмди өнүктүрүүнү көздөп жатат

Маданият министрлиги Кыргызстанга кеминде 50гө жакын атактуу саякатчы-блогерлерди алып келүүнү пландоодо. Бул тууралуу маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ведомство аларды өлкөнүн туристтик потенциалы менен тааныштырууну пландоодо. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Самат Шатманов белгилегендей, өткөн жылы өлкөгө 3 миллион 600 миңден ашык турист келген. 2020-жылы алардын саны 2,4 миллиондон ашкан. Ал кошумчалагандай, быйыл Ысык-Көлдө беш туристтик маалыматтык борбордун курулушу башталат. Мындан тышкары, департамент туристтерге объекттер тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берүүчү QR-коддору бар белгилерди орнотууну баштоону пландаштырууда.