«Кышында молдого барып, жол-жобосун кылганбыз». Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү тууралуу үн катты

Шоумен Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү тууралуу үн катты. Ал социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазган.

“Жаркылдагым, алтыным, берекем, үйүмдүн куту, Каныкейим, неге бул ишке бардың экен? Төрт жөжөмдү, мени кимге таштап кеттиң? Эми сенсиз кантебиз? Бүгүн аза күтүп олтуруп, 3 күн сенсиз жашоо өткөрүп аябай кыйналганымды сездиң бекен? Кыздарым “апам качан келет?” деп сурап жатат… Эмне деп жооп берем? Кичинекейим менден башка эч кимге көнбөй, түндө “апа” деп чочуп ойгонуп жатат, сенин мээримиңе зар болуп жатат. Неге ушуларды ойлободуң? Эх, бир канатым сынды. Кайрылды, мүдүрүлдүм, эми бутка турамбы? Сенин жоктугуңа 3 эле күн болду, биз кыйналдык! Жүрөктөгү күйүтүм калды. Кышында молдого барып, жол-жобосун кылганда “жакшы болуп калдым” дедиң эле го. Неге айтпадың? Ичиңде кетти армандын баары. Сени өмүр бою унутпайбыз, биз үчүн сен тирүүсүң! Жөжөлөрүмдү жакшы чоңойтконго аракет кылам, апасы! Аллах өмүр берсе, күч-кубат берсе, адам кылып чоңойтом, берекем! Аллахтан жалбарып сурайм, бейиштен көрүшөлү. Акыретте бир болсок экен деп күндө тиленем! Бизди күтүп, жакшы жат, менин түбөлүктүү сүйүүм!” — деп жазган ал.

Ошондой эле социалдык тармактарда жазылып жаткан ар түрдүү кептерге жооп калтырып, төмөнкүлөргө токтолгон.

“Жүрөгүм ооруп, жашоомдо караңгы күндөрүмдү өткөрүп жатам, эл-журт! Мындай сыноону Аллах эч кимге бербесин! Билип-билбей, мага, менин үй-бүлөмө туура эмес көз карагандар, туура эмес билдирүү жазгандар Аллахтын каарынан корккула! Биз акыркы жылдары өтө бактылуу жашадык. Урушпадык, кызганышпадык, эч кандай ойнош эмес, аялым өз оорусу менен, Аллахтын берген мээнети менен бул дүйнө менен кош айтышты. Бул бир дарт экен. Аны башынан өткөн гана түшүнөт. Эч кимге эч нерсе айтпай кете бердиңби? Дагы да көп убакыт ажырата албаганыма өкүнөм. Муну билгенде жаныңдан жарым карыш жылбайт элем, ач калсак да көчөгө чыкпайт элем. Эркектер аялыңарды сыйлагыла! Сыйлагыла! Дагы да сыйлагыла! Аялсыз жашоо — жашоо эмес экен! Кош, менин балдарымдын апасы! Сенсиз кандай жашоо күтөт билбейм. Бул сүрөт акыркы түшкөн сүрөтүбүз экен. Маалыматты тараткандар, жубайымдын өлүмүнөн хайп кылгандар, балдарымдын убалынан корккула, коомго терс таасир берет, өчүргүлө. Балдарым эртең чоңоюп, көрүп калбасын. Ошону суранат элем. Кайгымды тең бөлүшкөндөргө ыраазычылыгымды билдирем. Үй-бүлөмдүн сүрөттөрүн кыш мезгилинде өчүргөм көз тиет деп…” — деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, шоумендин жубайы 22-апрелде каза болуп, 23-апрелде тажыясы өткөн. Кадыр Жарматов менен жубайы эки уул, эки кызды тарбиялап келишкен.