Кытай журналисттерине Хлоя Чжаонун «Оскар» алганын жазууга тыюу салды

Кытай мамлекетинин үгүттөө бөлүмү мамлекеттик ЖМКларга эң мыкты коюучу катары «Оскар» алган «Көчмөндөр жери» тасмасынын режиссеру Хлоя Чжаонун жеңиши тууралуу жазууга тыюу салды. Бул анын мурунку жарыяларына байланыштуу деп «Медуза» жазды.

Чжао «Мыкты режиссер» категориясында «Оскар» алган биринчи кытай аял. Бирок Кытайдагы соцтармактар жана издөө тутуму анын жеңиши тууралуу маалыматты өчүрүп жатышат. Чжао 2013-жылы Кытай ЖМКларына маек берип, өлкөдө бардык нерсе калп деп айтканы үчүн сынга кабылган.

Учурда Baidu жана Sogou издөө платформаларынан режиссер жөнүндө издегендер ал тууралуу эски жаңылыктарга же «Оскар» тууралуу өчүрүлүп ташталган материалдарга такалып калышууда. Андан сырткары интернет колдонуучулардын Weibo, Wechat жана Zhihu соцтармактарында Чжао жөнүндө жазгандары да өчүрүлүп жатат.

Кытайдын ири мамлекеттик ЖМКларынын арасынан Чжаонун жеңиши тууралуу бир гана англис тилдүү  Global Times таблоиди жазып чыкты.

«Көчмөндөр жери» «Оскардын» башкы  «Мыкты режиссер», «Мыкты тасма» жана «Мыкты актриса» (Фрэнсис  Макдорманд) сыйлыктарын илип кетти.