Кытайлык кыргыздардан концерт! Ыр созуу, комуз чертүү жана манас айтуусу…

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Артыш шаарындагы маданий борборго барды.

Маданий борбордо Минкаб башчысына Кызыл-Сууда отурукташкан элдердин анын ичинде кыргыздардын тарых таржымалын айтып беришти. Ошондой эле Минкаб башчысы тарыхый экспонаттар, кызыл суулук кыргыздар колдонгон буюмдарды көрүп чыкты. Мындан тышкары Маданий борбордогу Манас эпосуна арналган атайын музей менен таанышкан Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясына, улуттук аспаптар менен чыгармалар тартууланып, Манас эпосунан үзүндү айтылды.