«Күүгүм» тасмасынын жылдызы Жейкоб үйлөндү

«Күүгүм» тасмасынын жылдызы Жейкоб үйлөндү. Актёр Тейлор Лотнер менен 2018-жылдан бери кыз-жигит мамилесинде жүргөн сүйүктүүсү Тейлор Доум экөө Калифорнияда 11-ноябрда баш кошушту.

Үйлөнүү тойго 100дөй конок чакырылган. Бирок тойдон кийин 30 жаштагы актёр дагы, анын 24 жаштагы медайым болуп иштеген жубайы дагы соцтармактагы баракчасына эч кандай маалымат жарыялай элек.