«Кыз ала качуу» тасмасынын режиссёру менен продюсери эл аралык фестивалда кызыл килемден өтүштү (видео)

«Кыз ала качуу» тасмасынын режиссёру Мирлан Абдыкалыков менен тасманын продюсери Алтынай Койчуманова Түштүк Кореядагы кинофестивалда кызыл килемден өтүштү.

Аталган тасма 4-13-октябрь аралыгында өтүүчү Бусан эл аралык кинофестивалынын сынактык программасына тандалып алынган.

Busan International Film Festival (BIFF) — эл аралык деңгээлдеги эң маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Кинофестиваль кинорежиссерлор менен кино сынчылардын гана эмес, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген заманбап жазуучулардын, интеллигенция өкүлдөрүнүн жана искусство ишмерлеринин жолугушуу жери. Кинофестиваль көрүүчүлөргө дүйнөлүк кинематографиянын шедеврлерин тартуулайт.