«Кыз-Бурак» тобунун мурунку солисти «Голос Украина» сынагына катышууда

Буга чейин “Кыз-Бурак” тобунун солисти, андан соң жеке ырчы катары чыга баштаган Диляра Дидар кызы Казакстандын атынан “Голос Украина” сынагына катышууда.

24 жаштагы казак кызы Диляра “Голос” сынагында Мэрайи Кэринин  “My all” чыгармасын аткарып, аны украиналык ырчы Олег Винник өз командасына тандап алды. Бул боюнча ал казак басылмаларынын бирине “Мен калтырап, сахнага чыкканга чейин да, ырдап бүткөндөн кийин да ыйладым. Эмоцияга бай күн болду. Мен бул жолду басып өткөнүмө кубанычтамын. Бардык устаттар өз командаларын чогултуп коюшкан. Болгону Олег Винникте гана бир орун бар болчу. Акыркы мүмкүнчүлүк калганын билип туруп, сахнага чыгуу моралдык жактан оңой болгон жок.  Бир чети бул сезимдер да өзүнчө жагымдуу болду. Айтор, сөз менен түшүндүрүп бере албайм”, —  деген ал.

Диляра Дидар кызы Казакстандын Тараз шаарында төрөлүп-өскөн. Музыкалык мектепти бүткөн соң Кыргыз өлкөсүнө келип, Б.Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Ал арада “Кыз-Бурак” тобунда солист катары ырдап, андан соң жеке ырчылыкка киришкен. Көп өтпөй Казакстанга кайтып, аталган өлкөдө жеке ырчы катары тааныла баштаган.