«Кыз талашып, мугалимге кол көтөргөм». Ибрагим Жунусов студенттик күндөрүн эстеди

Бул жолу биз Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусов менен “Ностальжи” берүүсүндө сүйлөштүк. Ал чыгармачылыкка жасаган алгачкы кадамдары, айтылуу “Эламан” ырынын жаралуу тарыхы, чыгармачыл жолундагы кызыктуу окуялар, ал жараткан ырлар тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

Ал жаш кезинде өтө шок болгонун айтып, 50 жаштан ашканда гана токтолгонун айтты. «Кадыралы Артыков экөөбүз дос болчубуз. Бир кызды талашып, сабак учурунда мугалимди уруп койгом. 2-курста ошонун айынан айдалып кеткем. Ал кызды баары жакшы көрчү эле. Аны ошол мугалим да жакшы көрчү. Ал да бойдок эле. Ошол кыздын алдында мени кемсинткенинен ошол кадамга барууга туура келип калган. Мен 3 жолу окуудан айдалгам», — деди ал.