Кызсайкал Кабылова: «Жолдошум алгач сезимдерин арнаганда «койчу» деп койгом»

Жакында ырчы Кызсайкал Кабылова Мирлан аттуу досуна турмушка чыккан. Ырчы айым SUPERTV’га маек куруп, жаңы турмушу, достуктан үй-бүлөгө жеткен мамилеси тууралуу айтып берди.

«Таанышканыбызга 15 жыл болуптур. Мектептен бери тааныйм. Биз кошуна жашайбыз. Эркектен көз каранды экен. Сүйүү мырзанын айтуусу боюнча эле жанып кетти. Достук мамилебиз аябай жакшы болчу. Ушул адамга турмушка чыгам деген ой да келген эмес. Нике кайып экен. Менден бир жаш улуу. Тааныштарыбыз «пранк» деп жатышты.

Адамды көргөндө ушул менин адамым экен деген сезим мындан 2 ай мурда болгон. Биринчи жолу сезимдерин айтканда «койчу эй» деп койгом. Анан кайра айта баштады. Ошондо менин адамым экен дедим. 2 ай кыз-жигит болуп сүйлөштүк»,— деди ал.