Кызсайкал Кабылова: «Кызым жолдошумду башынан эле «ата» дечү»

Жакында ырчы Кызсайкал Кабылова Мирлан аттуу досуна турмушка чыккан. Ырчы айым SUPERTV’га маек куруп, жаңы турмушу, достуктан үй-бүлөгө жеткен мамилеси тууралуу айтып берди.

«Жолдошум абдан сабырдуу. Анын мага болгон камкор мамилеси өзүнө тартты. Кайын журтум менен аябай эле жакын болчубуз. Кайненемди аяш апа деп жүргөндө кучактап, бетинен өөп эле жүрчүмүн. Апам экөөнүн окшош экенин башынан эле айтчубуз. 

Мен байкаган эмесмин. Тойдо кызым Альфияны көтөрүп эле жүрүптүр. Дагы эле ошондой. Кызым азыр биздин жаныбызда. Үй жакын, кызыма кай жак жагып жатса, ошол жакка кете берет. Кызым башынан эле жолдошумду ата дечү. Кичинекей кезинен эле Мирландын колунда чоңойду да», — деди ал.