Кызсайкал Кабылованын кайненеси: «Келиним экөөбүздүн кыймыл-аракеттерибиз окшош»

Кечээ, 20-февраль күнү Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы Кызсайкал Кабылова кызы Альфиянын туулган күнүн белгиледи. 5 жашка чыгып жаткан кызынын өздүк майрамына Кызсайкал Кабылованын жакын санаалаштары, дос-туугандары келишти.

«Кызсайкал мага кызымдай эле. Өзүмдүн бир эле кызым бар, ошол кызыма Сайкал шерик болду. Мен келин деп деле эсептебейм. Кызсайкалдын мага келин болуп каларын ойлогон эмесмин. Экөөбүз уулум Мирланды үйлөнтөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Ресторанды таап уюштурмак болгон. Нике кайып экен. Мен аябай ыраазымын. 

Келинимдин кыймыл-аракеттери меникине окшош. Тарс-турс баскандары, жумуш кылганы, тазалыгы мага аябай жакты», — деди апасы.