Кызы операцияга муктаж болгон Болот Токтобаев: «Жардам берип, жакшы сөздөрүн жазгандар болуп жатат»

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Болот Токтобаевдин кызына операция керектелүүдө. Бул тууралуу ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти.

«Жардам берип, жакшы сөздөрүн жазгандар болуп жатат. Кыргызстанда бул операцияны жасаган 1 адам бар болчу экен, бирок каза болуп калыптыр. Ошондон бери эле дарыгер издеп жүрөм. Дагы бирөөнү таптык, ал болсо, кулагына темир бекитип, протез салат экен. Ал эми Түркияда кабыргасы менен бутунан алып, жасап беришет экен. Түркияда операция 2 этап менен жасалат дешти. Биринчиси даярдашат экен, экинчиси салып, операция жасалат. Эки этап менен жүргүзүлүүчү операция 30 миң доллар болот дешти. Башында 22 миң доллар дешкен. Андан кийин 25 дешти, азыр 30 миң доллар болду»,- деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

МБАНК ЖАНА ЭЛСОМ:
0700 63 83 66

ОПТИМА БАНК:
4169 5853 5917 6566

СБЕРБАНК:
4276 3801 8399 6540

ЭЛКАРТ:
9417 0186 3519 2420