“Кызыбыз үчүн жакшы мамиледе болобуз”. Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жараштыбы?

Ырчы Асел Кадырбекова жеке жашоосуна тийиштүү суроолорго жооп кылды. Дарылануу үчүн Түркияга кеткен ырчы социалдык тармактагы баракчасына аталган өлкөдө өзү, кызы жана жолдошу Нурлан Насип менен бирге жүргөн видео жүктөгөн. Мындан улам көпчүлүк жубайлардын таарынычы жазылганын божомолдошкон. Ырчы мындай божомолго жооп кылып, төмөнкүдөй билдирүү жазган.

“Бизге бакыт каалагандарга рахмат! Биз кызыбыз үчүн жакшы мамиледе болобуз. Нурлан бул жакка өзүнүн иштери менен келди. Аны менен биргеликте кызыбызды клибине тартууну туура көрүптүр. Мен колдодум. Ушуну менен бул тема жабык деп ойлойм. Биз тагдырдын мындай сыноосуна кабылган биринчи же тилекке каршы акыркысы дагы эмеспиз. Бул эки тараптуу чечим. Болгону бизди колдоп, талкуу кылбаңыздар. Маңдайга жазылганын көрөбүз”, — деп жазган ырчы.