«Кызымдын чыгармачылыгына каршы чыктык. Кайтпасына көз жеткен соң, бата бердик» дейт Гүлжайна Атаканованын атасы

“Бейишим ата-энем” долбоорунун бул жолку каармандары куудул Гүлжайна Атаканова менен ата-энеси Туралы Атаканов жана Сүйүм Атаканова болду. Куудулдун ата-энеси “Кезинде кызыбызга таарынып жүргөн элек” дейт.

«Башында кызымдын чыгармачылыгына каршы чыктык. Мунун өжөр экенин кичинекей кезинде эле билчүмүн. Бул жолдон кайтпасына көзүбүз жетип, батабызды бердик. Айылга концерт коюп келди. Ал учурду эстесем, мен өзүмдү кесиптештердин арасында жогорку маанайда сезчүмүн. 2012-жылы тушоо кесүү концерти болду. Өзүм кичине болсом дагы сахнага батпай жаттым. Ошол жерге чыгып сүйлөттү. Сөз таппай толкундангам. Сыймыктангам», — деди атасы.