Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын туулган күнүнө Miyagi менен Эндшпиль да келдиби?

Президент Садыр Жапаровдун карындашы, «Кыргызстан сулуусу-2020» сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева 9-октябрда Бишкекте 21 жаш курагын жакындарынын, досторунун курчоосунда майрамдады.

Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттары, туулган күнүнө орусиялык ырчылар Miyagi менен Эндшпиль да келип, ыр аткарганын жазып чыгышкан. Бул боюнча Нуркожоева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катып, бул жалган маалымат экенин билдирди.

Анын айтымында, ал туулган күн белгилеген отелге фестивалга катышуу үчүн орусиялык жылдыздар келген жана ал жөн гана сүрөткө түшүп койгон. «Алардын туулган күнүмдө ырдаганын кайдан билдиңер? Алар мен туулган күн өткөргөн отелде конууга калышкан экен. Жөн гана сүрөткө түшкөнгө болбойбу? Силер деле түшмөксүңөр да туурабы?» — деп жазды ал.