Леди Гага АКШнын президентинин маданият комитетинин тең төрайымы болуп дайындалды

Ырчы жана актриса Леди Гага президенттин Маданият жана искусство боюнча комитетинин тең төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жо Байдендин жарлыгында айтылат.

Документте Леди Гага (чыныгы аты Стефани Жоан Анжелина Жерманотта) 13 Грэмми сыйлыгын утуп алганы жана тарыхта коммерциялык жактан эң ийгиликтүү ырчылардын бири экени айтылат. Ошондой эле кайрымдуулук иштерине жана коомдук акцияларга активдүү катышат.

Комитеттин дагы бир тең төрагасы болуп продюсер Брюс Коэн дайындалды. Алардын экөөнөн тышкары комитетке дагы 22 адам кирди. Бул комиссия 1982-жылы түзүлгөн. Ал Америка Кошмо Штаттарынын президентине жана Американын тиешелүү ведомстволорунун жетекчилерине маданият тармагында кеңеш берет.