Лопес тоюнда үлпөт көйнөгүн үч жолу алмаштырды. Сүрөттөр топтому

Ырчы жана актриса Женнифер Лопес тоюнда үлпөт көйнөгүн үч жолу алмаштырды. Анын баары Ralph Lauren мода үйүнө таандык экендигин аталган компаниядан билдиришти. Көйнөктөрдүн бири кымбат баалуу таштар менен кооздолсо, дагы биринин шлейфи 6 метрге чейин жетет.

Голливуд жылдыздары Бен Аффлек менен Женнифер Лопестин биринчи үйлөнүү тою бир ай мурда Лас-Вегаста чакан чөйрөдө өткөн. 22-августта экинчи үйлөнүү той Жоржия штатында атактууулардын жакындары жана кесиптештеринин катышуусунда өттү.