Лос-Анжелестеги Дүйнөлүк Азия кинофестивалына Кыргызстандан 3 тасма катышууда

«2022-жылдагы Азия дүйнөлүк кинофестивалы Лос-Анжелесте 9-ноябрда башталат» деп билдирет Asian World.

Кинофестивалга Кыргызстандан 3 тасма катышууда:

«Аламан», режиссёру — Илгиз Шернияз Турсунбек уулу;

«Эрмен жыты», режиссёр – Айбек Дайырбеков;

«Үй сатылат», режиссёру Таалайбек Кулмендеев.

Кинофестивалдын негиздөөчүсү коомдук ишмер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси, ЮНЕСКОнун ыйгарым укуктуу өкүлү Садык Шер-Нияз.