Лос-Анжелестеги Дүйнөлүк Азия кинофестивалында кыргыз тасмалары көрсөтүлөт

1-ноябрда Лос-Анжелес шаарында Дүйнөлүк Азия кинофестивалы-2021 башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кинофестиваль «Оскар» сыйлыгынын лауреаты режиссер Хлои Чжаонун «Marvel Studios Eternals» тасмасын көрсөтүү менен башталат. Фестивалда Кыргызстандан эки тасма – “Акыркы көч” жана “Шамбала” көрсөтүлөт. Жетинчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк Азия кинофестивалы азиялык кинорежиссерлордун эмгегин даңазалап, Голливуд менен Азиянын көңүл ачуу индустриясынын ортосундагы байланышты бекемдейт.