Ляйсан Утяшева Павел Воля менен ажырашты деген кептерге комментарий берди

Спортчу, гимнаст жана белгилүү теле алып баруучу Ляйсан Утяшева социалдык тармактагы баракчасында Comedy Club жылдызы Павел Воля менен ажырашуусу тууралуу кептерге комментарий берди. 

Буга чейин түгөйлөрдүн ажырашып кеткени тууралуу кептер тарап жаткан. «Мен билем, кээ бирөөлөр бизди «ажыраштырууга» аракет кылып жатышат… Кимдир бирөө бардык нерсенин жаман жагын гана көрсө, ал башкалардын бакытын жана сүйүүсүн көрө албайт. Бизде баары жакшы”, — деп жазды Утяшева.