Ляля аты менен белгилүү Дарина Векуа D Billions’тон кеткенин билдирди

«D Billions» YouTube каналынын музыкалык роликтеринин каарманы Ляля топтон кеткенин билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Актриса долбоордо 4 жыл бою анын ишин колдоп, жардамдашкандардын баарына ыраазычылыгын билдирди. «Мен өз ишимди чындап сүйдүм деп айта алам. Каарманымды сагындым, бирок укмуштуу окуяларга жык толгон жашоодо мындан ары да алдыга жыла турган убак келди. Өнүгүү үчүн чек жок, биз баарыбыз жаңы бийиктиктерге умтулуп, күн сайын жакшыра беришибиз керек”, — деп жазган ал.

Лялянын өз аты — Дарина Векуа. «D Billions» дүйнөдөгү эң ийгиликтүү YouTube каналдардын бири. 2023-жылы  Дарина Векуанын жигити колун сураган.