Маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

Бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесине ылайык токтом кылынат:

2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

Таалайбек Усубалиевге, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

«Саманчынын жолу» спектакли үчүн Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:

Анара Сыдыгалиевага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

Данияр Жанжигитовго, актер — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

Алымгазы Конушбаевге, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.