Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе Элдик курултай учурунда да көтөрүлүп, маданият кызматкерлеринин айлыгы 2026-жылдын апрель айынан баштап 100 пайызга жогорулатылат деп чечилген.
«Көп жылдар бою өтө төмөн айлык менен иштеп келген кызматкерлер бар болчу. Учурда өлкө жетекчилигинин демилгеси менен эмгек акы биринчи жолу эки эсеге көтөрүлүп жатат жана бул абдан жакшы жаңылык», — деп билдирген Надырбеков