Маданият кызматкерлеринин күнүн майрамдоо идеясы кимге таандык? Тарых барактарынан…

Бүгүн, 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнүн майрамдоо идеясы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыковго таандык. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан маалымдашты.

«Мындан туура 98 жыл мурда өлкөбүздө европалык типтеги театр маданияты кадам таштаган. Тактап айтканда, 1926-жылы 11-октябрда актёрлорду даярдоо үчүн улуттук театр студиясын түзүү жөнүндө токтом кабыл алынып, 1926-жылдын 2-ноябрында Театр студиясы ачылат.

Театр студиясынын ачылган күнүнө карата 1995-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ошол убактагы директору жана көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыковдун демилгесин Кыргыз эл баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сабира Күмүшалиева баштаган театр корифейлери, ошол учурдагы Маданият министрлиги колдоп, көптөгөн талкуулардан өтүп, президенттин токтому менен “2-ноябрь Кыргыз Республикасынын Маданият күнү” болуп кабыл алынган. Бул тарыхый саамалыкка республиканын бардык театр кызматкерлери чакырылып, Кыргыз драма театрында өлкө башчысы катышкан чоң салтанат өткөн. Ошол күндөн 2-ноябрь салтанаттуу түрдө белгиленип келет», — деп жазылат маалыматта.