Александр Волкодав “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси жана 100 миң сом тапшырылды

Бүгүн, 15-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов “Голос” долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолукту. Анда  министр ырчыны жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле Александрга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин жана Министрлер кабинетинин атынан 100 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырды.

Андан соң, келечектеги пландар, аны ишке ашыруу аракеттери тууралуу бааралашуу болуп, Александр Волкодав алдыда чыгармачылык менен тынымсыз иштөө, мындан ары “Пелегеянын” тобунда чоң чыгармачылык гастролдордо болоорун, келишимге ылайык, иш графиги тыгыздыгын маалымдады. Бирок кандай болгон күндө да Кыргызстан анын көңүлүнүн борборунда болорун белгилеп, дайыма байланышта боло турганын тастыктады. «Чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөтүп, мындай дем берүү абдан маанилүү. Чоң ыраазылыгымды билдирем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.