Маданият министри Курал Чокоевдин долбоору үчүн элден кечирим сурады

 Буга чейин ырчы Курал Чокоевдин жаңы долбоор баштап, ал үчүн коомчулуктун сынына кабылганын жазганбыз.  Долбоорду социалдык тармактардын айрым колдонуучулары сындап нааразычылыгын билдирип, алтургай Маданият, маалымат жана туризм министринин буга карата чара көрүүсүн талап кылышкан. Бул боюнча министр Нуржигит Кадырбеков төмөндөгүдөй билдирүү таратты:
 «Урматуу мекендештерим, тиги эки жигиттин маегинин айрым үзүндүлөрүн аргасыз көрдүм. Айткан кептерин айла жоктон уктум. Көзүм жана кулагым үчүн Жараткандан, «маданият кызматкери” деген атты жамынып, адамга жарашпас жорук-жосун көрсөткөн ырчы мырзалар үчүн элимден кечирим сурайм. Бул экөө неге мынчалыкка барганына такыр түшүнө албай турам? «Атың чыкпаса — жер өрттө” дейин десем, экөө тең мыкты өнөрү менен канчалаган адамдардын сый-урматына татып, узун элдин учуна таанылып калышкан.

 Эгер булар бизге караштуу мекемелерде, айталык, Филармонияда, театрларда же окуу жайларда иштегенде заматта коштошмокпуз. Сөзүбүз кыска, чарабыз катаал болмок. Бирок, өз алдынча ырдап жүргөн эркин ырчыларга тикелей чара көрүү рычагы, тилекке каршы, мыйзамдарда жок экен. Деген менен, андайларды адепке чакыруунун жолун, аргасын, буюрса, табабыз.

Кептин кыскасы мындай:
1. Министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмө берилди. Бизге карабаган коомдук жана эркин маалымат каражаттарына да ушундай сунуш, багыттама жиберебиз, буюрса.
2. Театралдык-оюн зоок мекемелерине да бул ырчылардын концерттерине тыюу салуу көрсөтмөлөрү даярдалып жатат.
3. Эки жигиттин бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ. Мамлекет башчысына мындай жогорку даражадан ажыратуу сунушун киргизүү жагын да карап жатабыз. Эгер айыбын билип, калкыбыздан кечирим сураса анда кеп башка.
4. Эгерде министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алган болсо, атайын буйрук менен жокко чыгарабыз.

 Азырынча, көрөр чараларыбыз ушулар. Анан да, ырчылык менен алек болом дегендерге лицензия алууну милдеттендирген мыйзамдын же токтомдун долбоорун даярдабасак болбойт окшойт. Антпесек, микрофон кармап, ырчы-чоорчу катары таанылгандын ар биринин кеп жебес тентектиги үчүн министрликти айыптоо кадыресе көрүнүш болуп барат. Бирок, эки жигит айыбын танбай, камчысын мойнуна салып, эли-журтубуздан кечирим сурайт деп ишенем. Айкөл элибиз кечирет. Алтургай, өнөрү өссүн деп ак батасын берет. Эгер ушунча адамдын пикир капарга илбей, «өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем, ит үрө берет» дегендей текеберденсе, калың калктын назарынан калат.

 Сураныч, булар минтиптир деп видеонун шилтемесин тарката бербесеңиздер. Жакшы ой менен жаманды жайылтууга себеп болбойлу. Жаратканым, бул жигиттердин, дегеле баарыбыздын уят, намыс, акыл жана жоопкерчилик сезимдерибизди күчөт».

 Ал арада мамлекеттик «Кыргыз радиосу» жана менчик «Марал» радиосу Курал Чокоевдин чыгармаларын фонотекадан алып салышканын билдиришти.