Мадонна дүйнөлүк турнесинин алдында эсин жоготкон абалда реанимацияга түштү

Белгилүү ырчы Мадонна бактериялык инфекциядан улам реанимацияга түшүп калды. Бул тууралуу PageSix жазды. Ал эми соцтармакта анын мындай абалы пластикалык операциялардан улам экенин жазышууда.

65 жашка карап калган атактуу 24-июнда эсин жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилип, реанимацияда бир канча күнгө калган. Учурда эсине келип жана дарылануусун улантууда.

«Абалы жакшырып жатат, бирок дале дарыгерлердин көзөмөлүндө. Биз анын толугу менен жакшы болушун күтүп жатабыз. Азырынча ырчынын бардык иш-чаралары, анын ичинде дүйнөлүк турнеси да токтотулду», — деп Мадоннанын менеджери билдирген.

Мадоннанын 15-июлда 40 жылдык музыкалык карьерасына арналган дүйнөлүк турнеси башталмак.