Мадонна карьерасындагы эң чоң концертин берди

Мадонна карьерасындагы эң чоң концертин берди. Рио-де-Жанейро шаарында жайгашкан Копакабана суу жээгинде өткөн бекер шоу-концертке 1,6 миллиондой адам келгенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Мадоннанын буга чейинки эң чоң концерти Парижде 1987-жылы өткөн жана ага 130 миңдей адам келген.