«Мага оор тийди». Гүлжайна Атаканова чоң суммадагы акчага алдап кетишкенин айтты

30-ноябрь күнү Бишкекте режиссёр Ырыс Жоомартованын «Эшбай» тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Кинонун бет ачарында баш каармандын ролун жараткан актриса Гүлжайна Атаканова 2022-жыл ага оор болгонун, тасмага көңүлүн бөлүп жакшы тартыла албаганын айтты.

«Мен ар бир тасмага тартылганда өзүмдүн эпизодумдан артыкчылык жана кемчилик издейм. Бул тасмадан деле кемчилик таптым»,- деди ал.

«Чоң суммадагы акчаны алып, көбүнчө эркек балдар алдап кетишти. Ал жалгыз адам эмес. Ар кимге ишене берген күнөө өзүмдө. Мага оор тийгени эркектердин айымдарды алдап, акчасын бербей ыйлатып, качып жүргөндөрү оор тийди. Быйылкы жыл туш тараптан сынап жатат»,- деди ал.