Максат Довранов: «Алтынай апама окшош болгон үчүн жүрөгүмдү багындырып алды»

Теле алып баруучу Максат Довранов кезинде өзү сүйгөн адамды тапмайынча үйлөнбөйм деп өзүнө сөз берген экен. Айткандай эле ал сөзүндө туруп, жүрөгүнүн ээсин таап, бир канча тоскоолдукка карабай үйлөнүп, бакытка балкып турган чагы. Бул ирет «Жан шерик» берүүсүнүн алкагында Максат Довранов жана анын жубайы, эркеси Алтынай Манасбекова менен маек курдук.

«Алтынайдын апама окшош жактары көп болгон үчүн менин жүрөгүмдү багындырып алды окшойт. Азыр кайнене менен келин жакын болуп, мен четте калып калдым. Баарыбыз эле бактылуу жашайлы деп үйлөнөбүз. Жумушта ар кандай учурлар болуп калышы мүмкүн. Ошол учурда дагы турмушту бекем алып кете алышына ишендим», — деди Довранов.

«Максат дайыма адамдарга жылуу сүйлөп, көңүлүн алып, жакшы адамдардын катарын толуктаган мырза катары тааныгам. Аябай камкор. Мен көк бетмин. Айлап, жылдап сүйлөбөй коюшум мүмкүн. Ал эми Максат тескерисинче дайыма көңүлдү алат», — деди Алтынай.