Максат Довранов кесиптешине үйлөнөт (видео)

Телеалпаруучу Максат Довранов жакында бойдокчулук менен кош айтышат. Ал «Бул менин махабатым» деп кесиптеши Алтынай Манасбекова менен жаратылыш коюнунда кол кармаша басып жүргөн видеосун социалдык баракчасына жүктөдү. Маалыматка ылайык, Максат мырзанын сүйүктүүсү Алтынай Коомдук телерадиокорпорациясында алпаруучу.

Бакытка балкып турган Максат Доврановдун үйлөнүү тою Бишкек шаарында жакынкы күндөрү өтмөкчү.