Максат Надырбеков: «Жубайым экөөбүз 1,5 жыл мурун Инстаграмдан таанышканбыз»

15-ноябрь күнү Бишкекте шоумен Максат Надырбековдун үйлөнүү тою өттү. Тойдун алдынан Максат жана жубайы Алина айым менен маек куруп, эки жаштын сүйүү баянын уктук.

«Таанышканыбызга 1,5 жыл болуп калды. Инстаграмдан таанышканбыз. Анан жолуктук. Башында 4-5 ай байке-карындаш болуп жүрдүк. Анан ушул чекке келдик. Негизи август айында үйлөнөбүз дегенбиз», — деди Надырбеков. 

«Мен биринчи лайк баскам. Максаттан кат келди», — деди күлүп Алина айым.