Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Таласта өтөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-январда саат 10:00дө киндик каны тамган Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 17-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болгон. Ал 1969-жылы 6-июнда Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. Атасы комузчу жана ырчы болгон, ал эми Малик Аликеевдин ырчы болуп калышынын апасынын салымы чоң болгон. Таласта жүргөндө жамбаш сөөгүн кокустатып, 2020-жылы эки ирет операция жасалган. Маркумдун артында 1 уулу калды.