Малик Аликеевдин апасы: «Уулумдун жаны чыгып бара жатканда «ала кет» деп кучактадым»

17 жашында «Мөлмөлүм» ырына экинчи өмүр берип, атагы чыккан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевдин үй-бүлөсү маркумдун жакын санаалаштарын, дос-туугандарын чакырып, куран окутушту. Күйүткө батып турган маркумдун үй-бүлөсү анын акыркы күндөрүн, аткарылбай калган тилектерин аттиң кылып айтышты.

«Менин жашым 92де. Атасынан 5 жашында калып калды. Атасына окшоп, уулумдан бир нерсе чыгат экен деп сынактарга барып жүрдүк. Улуу эжеси бар. Балача деле бейбаштык кылган жок. Жорго мингизип чоңойттум. 13 жашка чыкканда «Мөлмөлүмгө» кирип кетти. Тагдыр ушул экен, ооруду. Операция болду, төшөктө жатып калды. Уулум тирүү болгондо «Маликтин апасы 92 жашка чыгып өлүптүр» деп той болбойт беле, андай болбой калды. Уулумдун жаны чыгып баратканда «ала кет» деп кучактадым. Алган жок»,- дейт сыздаган эне.