Малик Аликеевдин жубайы: «Быйыл уулубузду үйлөнтөлү деп жатканбыз»

17 жашында «Мөлмөлүм» ырына экинчи өмүр берип, атагы чыккан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевдин үй-бүлөсү маркумдун жакын санаалаштарын, дос-туугандарын чакырып, куран окутушту. Күйүткө батып турган маркумдун үй-бүлөсү анын акыркы күндөрүн, аткарылбай калган тилектерин аттиң кылып айтышты.

«Кабыргам кайышып турат. Атабыз төрдө, маңдайыбызда болсо жакшы болмок. Мындай болуп кетет деп эч ойлогон жокпуз. Дагы бир операцияга даярданып жаткан. 31 жылдан бери жашайбыз. Быйыл уулубузду үйлөнтөлү деп жатканбыз. Эч күтүлбөгөн жерден ушундай болуп кетти. Уулунун жакшылыгын көрүп, небере жыттаса болмок», — дейт жубайы.