Малик Аликеевге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти мамлекеттик сыйлыгы тапшырылды

Бүгүн, 4-апрелде Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ырчы Малик Аликеевге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти мамлекеттик сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, министр ырчынын үй-бүлөсүндөгү абал менен таанышып, президент Садыр Жапаровдун жана премьер-министр Улукбек Мариповдун атынан материалдык жардам тапшырды.