Мамлекеттик “Учур” жаштар театрына Рыскул Боромбаев директор болуп дайындалды

Мамлекеттик “Учур” жаштар театрына жаңы директор болуп Рыскул Боромбаев дайындалды. Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев тааныштырды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

“Учур” жаштар театры ар дайым заманбап искусствонун өнүгүүсүнүн маанилүү аянтчасы болуп келген. Театрдын жаңы имаратын куруу — биздин алдыдагы жылдагы негизги долбоорубуздун бири”, — деди Тимурлан Ажымалиев.