Манас Алыкулов уулуна тушоо той берди

Шоумен Манас Алыкулов уулу Элмирбекке тушоо той берди. Бул тууралуу Манас Алыкулов SUPERTV`га билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

“Жакын катташ, тууган-урук арасында уулубузга чакан той бердик. Азыр орозо болгондуктан, ооз ачарга чейин чуркоо, андан соң балдарга арналган оюн-зоок, шоу-программа орун алды. Ооз ачар убактысы келгенде коноктор ооз ачып, той башталды. Тойдо эч бир спирт ичимдиги коюлган жок”, — деди ал.