Манас эпосунун Дөөлөт Сыдыковдун варианты жарык көрдү

Манас эпосунун Дөөлөт Сыдыковдун варианты жарык көрдү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тастыктады.

«Аянттагы айткан Манастын жарымы чыккан. Элге атайын ачылышы боло элек болчу»,- деди ал.

Өткөн жылы манасчы Дөөлөт Сыдыков «Ала-Тоо» аянтында 14 саат тынымсыз манас айтып, рекорд койгон. Иш-чара эртең менен саат 9:00дө башталып, түнкү саат 12 жарымга чейин уланган. “Ала-Тоо” аянтындагы Манастын эстелигинин жанына бийиктиги 5 метр айнектен жасалган боз үй курулган. Дөөлөт Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп, 14 саат 27 мүнөт тынымсыз, тамак-аш, суу ичпестен манас айтып, дүйнөлүк рекорд койду. Бул аракети менен ал “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүүгө кадам жасаган.