Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз Манас айтып, «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүүгө аракет кылат

Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз Манас айтып, «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүүгө аракет кылат. Иш-чара саат 9:00дө башталып, учурда борбордук “Ала-Тоо” аянтында уланууда. Уюштуруучулардын айтымында, манасчы суу, тамак ичпей, дааратканага барбай, тынымсыз Манас айтат.

«Ала-Тоо» аянтындагы Манастын эстелигинин жанына бийиктиги 5 метр айнектен жасалган боз үй курулган. Дөөлөт Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп манас айтууда.

Манасчы 1983-жылы 25-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. 2014-жылдан тартып «Саякбай манасчы» коомдук фондусунун мүчөсү. Учурда үй-бүлөлүү, жубайы режиссёр Ырыс Окенова менен биргеликте 4 баланы тарбиялап келишет.