Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз манас айтып, рекорд койду

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз манас айтып, рекорд койду. Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн иш-чара эртең менен саат 9:00дө башталып, түнкү саат 12 жарымга чейин уланды.

“Ала-Тоо” аянтындагы Манастын эстелигинин жанына бийиктиги 5 метр айнектен жасалган боз үй курулган. Дөөлөт Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп, 14 саат 27 мүнөт тынымсыз, тамак-аш, суу ичпестен манас айтып, дүйнөлүк рекорд койду. Бул аракети менен ал “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүүгө кадам жасады.

Манасчы 1983-жылы 25-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. 2014-жылдан тартып «Саякбай манасчы» коомдук фондусунун мүчөсү. Учурда үй-бүлөлүү, жубайы режиссёр Ырыс Окенова менен биргеликте 4 баланы тарбиялап келишет.